"Күнү бою эмне иш кыласың?" - деген суроого жаш эне катуу жооп берди
"Күнү бою эмне кыласыңар?" - деген бир эле сөздү тынымсыз уккандан тажап бүткүл үй кожойкелеринин атынан Америкалык сүрөтчү Ришель Кастлберри пост жазууну чечти.
Ал пост Фейсбук тармагын жарып жиберди.
Күндүн товары
Бул суроого жазган анын жообу 640,000ден ашуун лайк жана 300,000ден ашуун бөлүшүү менен белгиленди. Айымдар күйөөсү, балдары үчүн кандай курмандыкка барышаарын түшүнүү үчүн бул постту ар бир адам окуп чыгуусу зарыл.
Бардыгы эркек (Э) менен психологдун (П) жолугуусун элестүүдөн башталат.
П: — Мистер Роджерс, сиз эмне иш менен акча табасыз?
Э: — Мен банкта бухгалтер болуп иштейм.
П: — Сиздин аялыңызчы?
Э: — Иштебейт. Ал үй кожойкеси.
П: — Үй-бүлөңүзгө ким эртең мененки тамакты даярдайт?
Э: — Менин аялым, анткени ал иштебейт.
П: — Ал саат канчада ойгонот?
Э: — Аялым эрте турат, анткени ал баарын даярдашы керек: балдарды чогултуп, кийинтип, алардын тамактангандыгын карап, тиштерин жуудуруп, аларга керектүү нерселердин бардыгын салып берип, мектепке жибериши керек. Ал кичүү балам менен чогуу ойгонуп, памперсин, кийимин алмаштырат. Эмчек эмизип, курсагын тойгузушу керек да.
П: — Балдарыңыз мектепке кандайча жетишет?
Э: — Аялым иштебегендиктен, баарын өзү жеткизет.
П: — Анан эмне кылат?
Э: — Ал төлөмдөрдү төлөйт, дүкөнгө барып үйгө тамак-аш алат. Үйгө кайтып келгенде, балага тамак берип, памперсин алмаштырып, уктатат, ашкананы тазалайт, кир жууп, үй жыйнайт. Анткени иштебейт да, кылаарга башка жумушу жок.
П: — Кечинде жумуштан келгенде эмне кыласыз?
Э: — Мен, албетте, эс алам. Банкта бир күн кечке отурган оңой дейсизби? Чарчайм да.
П: — Аялыңыз кечинде эмне кылат?
Э: — Ал кечки тамакты бышырат, бизди тамактандырат, идиш-аяк жууйт, ашкананы дагы тазалайт. Балдарга үй тапшырмаларын аткарууга жардам берет, андан кийин төшөккө жатканга даярдайт. Андан кийин, түн ичинде, кичүү баламды эмизип, керек болсо памперсин алмаштыруу үчүн кээде туруп калат. Ага эртең менен жумушка баруунун кажети жок.
— Бул дүйнө жүзүндөгү көпчүлүк аялдардын күнүмдүк жашоосу, таң эрте башталып, кечке чейин уланат ... Жана муну "иштебейт" деп аташат!
Балким, үй кожойкелеринин диплому жоктур, бирок алар үй-бүлөлүк жашоодо негизги ролду ойношот.
Ошондуктан, аялыңызды, энеңизди, чоң энеңизди, жеңеңизди, кызыңызды баалай билиңиз...
Анткени алардын курмандыгы баа жеткис.
Кимдир бирөө сурайт... "Сиз иштейсизби же жөн эле үй кожойкесизби?"
Мен жооп берем: "Мен 24 саат бою жубай болуп иштейм, мен апамын, аялмын, кызмын, ойготкучмун, ашпозчумун, кызматчымын, бала багуучумун, кол өнөрчүмүн, күзөтчүмүн, кеңешчимин, мен күнү-түнү иштейм жана ал үчүн айлык албайм, эс алуу же эмгек өргүү деген болбойт..."
Ошентсем деле: "Бирок сиз эртеден кечке эмне иш кыласыз?" - деген сөздөрдү уга берем.
Үй-бүлөсүнүн жыргалчылыгы үчүн жанын берген бардык айымдарга арналат. Аял туздай. Анын бар экендигин эч ким эстебейт, бирок анын жоктугу бардык нерсени даамдан ажыратат.
Которгон жана кыргызчага адаптация кылган anan.kg