Чоң апам 104 жашында көз жумду. Мына анын мага берген сабактары
"Мен жокчулукта туулуп чоңойдум, телефондун ойлоп табылышын, биринчи аба каттамын, дүйнөлүк согуштарды көрдүм" деп чоң энем көп айтчу.
104 жашында ал чарчадым деп, тамак жебей калды. Көп өтпөй эле көз жумду.
Ал бардык эрежелерди бузуп, башкалардай жашоодон баш тарткандардын бири болгон. Негизи ал момун, укмуштай кең пейил, сулуу жана туура кеңеш берүүнү билген адам болгон.
Мына, чоң энемдин калтырып кеткен өмүр сабактары.
Күндүн товары
Ар дайым жылмайып ойгонуңуз
Мурунку күнү кандай гана окуя болбосун, чоң апам ар дайым жүзүнөн жылмайып ойгонор эле.
Үмүт вена тамырлары аркылуу өтүп турушу керек
Баары түнт көрүнгөн күндө да чоң апам эч качан үмүтүн үзчү эмес. Анын жашоосундагы бардык жаман нерселер чоң энемди эч качан багынбоого үйрөткөн. Ар нерсенин башы бар, ар нерсенин аягы бар.
Кээде жашоо татаал, кээде өтө оор
Чоң энем убагында ушунчалык жакыр болгондуктан, турмушка чыккандагы көйнөгүн балдарына кийим кылып тигип берген. Жокчулук аны материалдык байлыкка катуу умтулбоону үйрөткөн экен. Бирок мен бул сабакты азырынча өздөштүрө албай атам.
Бейтааныш адамга бир нерсе белек кылыңыз!
Чоң энем өмүр бою жакыр үй бүлөдөгү балдарга кийим тигип келген. Ал муну эч кимге көрсөтпөй жасачу.
Өзүңүздү башкалар менен салыштырбаңыз
Чоң энем эч качан өзүн коңшусуна салыштырып убара болгон эмес. Ал ар дайым башка адамдардын жеңиштерине кубанып турчу.
Саякатка чыкпай эле бактылуу болсо болот
104 жылдын ичинде чоң апам өзүнүн туулган айылынан башка эч жакка деле чыккан эмес. Ал эч качан учакта учкан эмес. Бүлөсүндөгү адамдар менен курчалганды аябай жакшы көрчү.
Үй жумуштары кубаныч тартуулайт
Күн сайын пол жууп, идиш-аяк жууп, үй жумуштары менен алектенип, жашоосуна эч качан даттанган эмес. Ал жардам берген үй-бүлөлөрдүн көпчүлүгүнүн үйү жок болгондуктан үй жумуштарын жасашкан эмес да.
Карыз албаңыз
Чоң энем канчалык оор болсо дагы, эч качан карыз алган эмес. Балким, ошол себептен ал ар дайым жылмайып жүргөн чыгар?
Бадам жегиле
Чоң энем көп жашагандар сыяктуу тамактанып, күн сайын бадам жеп, суу көп ичип, жашылчаларды көп жеп келген. Денесине кам көрүп, жашоодон ырахат алууга мүмкүнчүлүк берген көп күчкө ээ болгон.
Биринчи орунда үй бүлөө турушу керек
Чоң энемдин жашоодо бир гана максаты бар болчу – үй бүлөө. Дагы бир нерсе: ал жашоодо жолуккан ар бир адамды өзүнүн үй-бүлө мүчөсү катары көргөн. Анын максаты – үй-бүлөсүн багуу жана аларга муктаж болгондо жанында болуу болгон.
Тамакты өзүңүз даярдаңыз
Кантсе да, ушул жол менен гана тамактын курамын жана сапатын билесиз.
Жумушту жакшы аткарыңыз
Анын жашоосу - бул күн сайын сапаттуу жасалган миң жакшы нерсе.
Эгер жубайыңыз каза болсо, жашоону токтотпой улантыңыз
Чоң энем өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн күйөөсү жок өткөрдү. Ал башка эрге тийүүнүн зарылдыгын эч качан көргөн эмес. Жашообузду толук кандуу өткөрүү үчүн жубай керек деп эсептейбиз, бирок чоң энем тескерисинче да мүмкүн экенин тастыктады.
Эрте туруңуз
Чоң энемдикине барганда, ал күндө эртең мененки саат алтыда турчу. Саат 9га чейин ал менин байкем экөөбүздүн мектепте жума бою жасаган ишибизден да көптү жасап жетишчү.
Жогоруда окугандарды кийинки муунга өткөрүп бериңиз.
Жогоруда айтылгандар – ал акыркы сааттарында мага айтып бергендер. Бул мүмкүн болгондордун арасында эң баалуу нерсе.
Бул абдан баалуу кеңеш эмеспи, кандай дейсиз?