Эгер Жер жүзүндө болгону 100 адам жашаса...
Биздин планетадагы адамдардын саны 7,5 миллиардга чаап барды. Адамдар улуту, өңү, дини, көз карашы, билими жана башка көп факторлор менен бөлүнөт. Ал эми, эгер Жерде болгону 100 адам жашаса кандай болот?
100people.org сайтынын журналисттери, бул темада кызыктуу изилдөө жүргүзүшүптүр.
Демек, Жер шарынын калкынын саны, болгону 100 адам болсо, азыркы цивилизация кандай көрүнмөк?
Күндүн товары
Жынысы
50 эркек
50 аял
Жашы
25 адам: 0 – 16 жаш
66 адам: 17 – 64 жаш
9 адам: 65 жаш жана өйдө
География
60 адам Азиядан
16 адам Африкадан
10 адам Европадан
9 адам Түштүк Америка жана Кариб бассейинен
5 адам Түндүк Америкадан
Дин тутуму
31 адам: христиандар
23 адам: мусулмандар
16 адам: дини жок
15 адам: индуисттер
7 адам: буддисттер
8 адам: башка диндер
Тили
12 адам кытай тилинде сүйлөйт
6 адам испан тилинде сүйлөйт
5 адам англис тилинде сүйлөйт
4 адам хинди тилинде сүйлөйт
3 адам араб тилинде сүйлөйт
3 адам бенгал тилинде сүйлөйт
3 адам португал тилинде сүйлөйт
2 адам орус тилинде сүйлөйт
2 адам япон тилинде сүйлөйт
60 адам башка тилдерде сүйлөйт
Жалпы билим
86 адам окуп жана жаза алат
14 адам окуп жана жаза албайт
Эркектердин жана аялдардын сабаттуулугу
90% эркек окуп жана жаза алат
10% эркек окуп жана жаза албайт
82% аял окуп жана жаза алат
18% аял окуп жана жаза албайт
Билими
78% эркектин башталгыч мектеп билими бар
76% аялдын башталгыч мектеп билими бар
66% эркектин орто билими бар
63% аялдын орто билими бар
7 адам жогорку билимдүү
Турак шарты
78 адамдын, жаан менен шамаалдан калканычы бар
22 адамдын турагы жок
Жашаган жери – шаар/айыл
54 адам шаарда жашайт
46 адам айыл жергесинде жашайт
Таза суу
91 адамга таза суу жеткиликтүү
9 адамга таза суу жеткиликтүү эмес
Тамак аш
100 адамдын 11инин курсагы тойбойт
Инфекциялык оорулар
1 адам ВИЧ/СПИД менен ооруйт
1 адам туберкулёз менен ооруйт
Жакырчылык
11 адамдын күнүмдүк кирешеси 1,90 доллардан төмөн
Электр жарыгы
82 адамда электр жарыгы бар
18 адамда электр жарыгы жок
Технологиялар
65 адам телефон колдонот
47 адам интернеттин активдүү колдонуучулары
95 адам мобилдик байланыш бар аймакта жашашат
Санитария
64 адам жакшы санитардык шартта жашашат
14 адамдын дааратканасы жок
18 адам эң жаман санитардык шартта жашашат